Юстиция министри Аяз Баетов министрликтин жамаатына күч блогун көзөмөлдөй турган министрдин орун басарын тааныштырды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 26-январдагы министрлер кабинетинин буйругу менен Юстиция министринин жаңы орун басары болуп Алмазбек Зарылбек уулу дайындалды.
Алмазбек Зарылбек уулу 1975-жылы туулган. Жогорку юридикалык билимге ээ. Буга чейин Улуттук коопсуздук органдарында, Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинде, Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгында жана Юстиция министринин кеңешчиси орундарын ээлеген.
Андан кийин Юстиция министрлигинин пробация департаментин жетектеп келген.