Баткендеги Кыргыз-Тажик чек арасында жаракат алгандардын саны 12ге жетти

Баткендеги Кыргыз-Тажик чек арасында жаракат алгандардын саны 12ге жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, 14:30га карата Кыргыз-Тажик чек арасында болгон кагылышууда жабыркагандардын саны 12ге жетти. Жабырлануучулардын бардыгы Баткен облустук бириккен ооруканасына жеткирилди, алардын абалы орточо оор деп бааланууда. Аларга тийиштүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда 11 кыргыз аскери жабыркаганы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан