Бакыт Төрөбаев Шайырбек Ташиевдин мандаты боюнча чечим иликтөө иштери жыйынтыкталганда чечиле турганын айтты

"Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев депутат Шайырбек Ташиевдин мандаты боюнча чечим иликтөө иштери жыйынтыкталганда чечиле турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 28-январда журналисттерге билдирди.

"Фракция жыйын өткөрдү. Андан сырткары шайлоочулардан кайрылуулар түштү. Кандай маселе болгонун айтып берди. Депутаттык комиссия түзүп же укук коргоо органдары текшерип, андан кийин бир нерсе далилденсе чечим чыгаралы деп Жогорку Кеңештин төрагасына кайрылдык. Төрага тапшырма берип, иликтеп, жыйынтыктарын бериш керек. Жыйынтык качан чыгары белгисиз", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан