Бишкек: Турусбеков көчөсүндөгү тротуар оңдолот

Биринчи Май районунун акиминин турак жай-коммуналдык чарба боюнча орун басары Чыңгыз Байсов райондун аймагындагы, тактап айтканда Турусбеков көчөсүндөгү тротуарлардын абалы менен таанышты. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Текшерүү Кытай Эл Республикасынын өкмөтүнүн 2021-2022-жылдарга Биринчи Май району боюнча гранттык каражаттарынын эсебинен «Жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун экинчи фазасын ишке ашыруунун алкагында өттү", - деп билдиришти мэриядан.

Белгилей кетсек, Турусбеков көчөсүнүн Ташкент көчөсүнөн Чоң Чүй каналына чейинки бөлүгүндө жолду реконструкциялоо иштери аяктап, тротуарды жана ирригациялык системаны иретке келтирүү иштери калган. Оңдолгон участоктун узундугу 1300 метрди түзөт. Аба ырайынын ыңгайлуу шартында иш башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан