Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжалдан улам коопсуз жайга эвакуацияланган жарандардын ичинен 9 миң 880 жаран үйлөрүнө кайтты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
"Баткен облусундагы абалга байланыштуу кооптуу аймакка жакын жайгашкан айылдардан эвакуациялангандардын 9 миң 880и туруктуу жашаган жерлерине кайтып келүүдө. Жарандарды кайра көчүрүү иши ӨКМнын Баткен облустук башкармалыгынын куткаруучулары жана Жарандык коргонуунун атайын бөлүнгөн техникалары тарабынан жарандарды туруктуу жерине жайгаштыруу иши жүргүзүлүүдө. Жарандар өзүлөрүнүн менчик унаалары менен да үйлөрүнө кайтып жатышат", - деп билдиришти ӨКМдан.
Белгилей кетсек, Баткен облусу боюнча 11 миң 52 адам эвакуацияланып, алардын ичинен 10 миң 410 адам туугандарынын үйлөрүнө, 642 адам жарандарды коопсуз жайга жайгаштыруу максатында даярдалган 7 пунктка жайгаштырылган.
Баткен облусундагы абалга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн иш-чараларды жеринде өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев координациялоодо.