Ош-Ноокат унаа жолунун жээгиндеги таштанды толугу менен тазаланды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасы менен Жапалак аймактык башкармалыгынын жайыт комитеттери Ош-Ноокат унаа жолундагы таштандыларды тазалашты. Тазалоо иштери менен бирге атайын техника менен айланасын тегиздөөгө даярдык жүргүзүлүүдө. Жалпысынан 1 гектардан ашык аянт тазаланды", - деп билдиришти Ош мэриясынан.
Мындан сырткары "Ош-Тазалык" ишканасы тарабынан да таштандылардан арылтуу иштери жүрөт.