Депутаттар жазгы айдап-себүү иштерине карата жүргүзүлгөн даярдык маселесин карады

28-январда "Элдик" депутаттык тобу жазгы айдап-себүү иштерине карата жүргүзүлүп жаткан даярдык боюнча маалымат укту. Депутат Акылбек Түмөнбаевдин төрагалыгы менен өткөн отурумга айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков баштаган тиешелүү мекеме өкүлдөрү катышты.

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековдун берген маалыматынан кийин депутаттар айыл чарба тармагындагы бир катар көйгөйлөргө токтолушту. Тагыраагы, депутаттар тарабынан жазгы айдап-себүү ишине күйүүчү-майлоочу каражаттарды, үрөндөрдү, минералдык жер семирткичтерди арзан баада камсыздоо, жеңилдетилген насыяларды берүү, айдоо аянттарын кеңейтүү, андан тышкары сугат иштерине даярдык көрүү маселелери көтөрүлдү. Алсак депутат Тазабек Икрамов сугат суу жетишсиздиги курч экенин белгиледи. Ал эми айыл чарба министри 2021-жылы айыл чарба каналдары оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, гидротехникалык курумдарга жана каналдарга 163 миллион сом сарпталганын маалымдады.

"Быйылкы жылы ирригация тармагын оңдоп-түзөөгө, тиешелүү иштерди жүргүзүүгө, айрыкча суу куурларын жаңылоого 1 миллиард сом каралууда", - деди Аскарбек Жаныбеков.

Депутат Нурланбек Азыгалиев, Арсланбек Малиев, Акбөкөн Таштанбеков жайыттардын абалына басым жасашты. Депутаттар белгилегендей, туура эмес колдонуудан улам айыл чарба жерлери жараксыз абалга келүүдө.

Мындан тышкары депутаттар азык-түлүк коопсуздугуна тиешелүү маселеге да токтолушуп, ички рынокту сапаттуу азыктар менен камсыздоо зарылчыгынын кошумчалашты.

Талкуудан соң депутаттар айтылган маселелерди жана көйгөйлөрдү комплекстүү чечүү керектигин белгилешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан