Мал жандыктарын алдап алууга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жарандардын малдарын алдоо жолу менен алып, аларды мал базарда сатып жиберип, изин жашырып качып жүргөн жаран кармалды. Учурда ушул сыяктуу 6 факт менен алдамчылыкка шектүү катары Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагынын тургуну 1986-жылы туулган И.И. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ар бир факт учурунда эки жандыктан кем эмес мал жандыктарды алдап, алып турган.
"Ош шаарынын тургуну арыз менен кайрылып, "Иззат" аттуу тургун ушул жылдын 8-январь күнү анын 3 даана ири мүйүздүү малын 280 миӊге баалап алып, бирок акчасын жакын арада берүүнү убадалап, малдарды сатып, акчасын кайтарбастан изин жашырган. Ушундай эле жол менен дагы бир Ноокат районунун тургунунун 2 ири мүйүздүү мал жандыгын алып, "кымбат сатып беремин" деп убадалап, аны 135 миӊге сатып, акчасын бербей из жашырып кеткен", - деп жазылат маалыматта.
Алдоо жолу менен дагы бир Ноокат районунун тургунунан 14-январь күнү 500 миӊ (беш жүз миӊ) сом акчасын алып, аны "азыр эле мал алып, сатып, кайра 580 миӊ сом кылып кайтарып берем" деп накталай акчасын алып, из жашырып кеткен.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы кимде ким бул жарандан жабыркаган болсо төмөндөгү 0999-15-70-95 жана 03222-4-82-82 номерлерине кайрылып коюуну суранат.