Маданият министри Каракол шаарында маданий жана спорт мекемелерин кыдырды

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов иш сапары менен Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында маданий жана спорт мекемелерин кыдырды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Жеринен көрүү жана 2022-жыл ичинде жасала турган иш-аракеттерди пландоо иштери министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, президенттин Ысык- Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев, жергиликтүү бийликтин жана тиешелелүү мекеме жетекчилеринин катышуусунда болду.

Пландоо жана абал менен кенен таанышуу иштери Каракол шаардык дене тарбия жана спорт ордосунда, К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук драма театрында, Аймак таануу музейинде жана Каракол шаарынын тарыхый таш төшөлгөн көчөлөрүндө болду.

Эске салсак, Каракол шаары 2022-жылы КМШ мамлекеттеринин маданий борбору катары өзүнүн бай тарыхын таанытат.

Буга ылайык, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Каракол шаарынын мэриясы тарабынан шаардын маданий мүмкүнчүлүктөрүн ачып берүү жана бай тарыхы бар шаардын жашоосун эл аралык деңгээлде ачып берүү боюнча комплекстүү пландарды даярдап жатат.

Министр эл аралык деңгээлде өтө турган иш-чаралардын өз убагында жана сапаттуу аткарылышын камсыздоо максатында кечиктирилгис чечимдер кабыл алына турганын белгилеп, маданий жана спорт имараттарын оңдоп-түзөө иштерин тездетип жүргүзүүнү сүйлөштү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан