УКМКнын төрагасы, өзгөчө кырдаалдар министри Баткендеги эл менен жолукту

30-январда Баткен облусунда түзүлгөн соңку кырдаалга байланыштуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жергиликтүү эл менен жолугушту. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолугушууга Үч-Дөбө, Ак-Татыр, Самаркандек, Жаңы-Бак, Орто-Боз айылдарынын тургундары келди.
Эл менен жолугушуу Ак-Татыр айылында өтүп, жергиликтүү тургундарга Тажикстан тарап менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча маалымат берилди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан