1-февралда Жол тармагынын иштөөсүнүн каржылык негиздерин бекемдөө маселелери боюнча парламенттик угуу өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.
Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети "Жол тармагынын иштөөсүнүн каржылык негиздерин бекемдөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” жана "Жол фонду жөнүндө" мыйзам долбоорлорун талкуулоо максатында парламенттик угууларды өткөрүүнү пландаштырууда. Парламенттик угуу саат 10:00гө белгиленген.
Парламенттик угууларга катышуу үчүн Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү чакырылат.