Кочкордо оор жүк ташуучу унаа оодарылып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кочкор районунун Кум-Дөбө айылынын Кочкор-Ата тилкесинде HOWO үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдон чыгып оодарылып кетти. Кырсыктын кесепетинен 2 эркек киши (1981-жылы туулган Ү.Б. жана 2005-жылы туулган Б.Ж.) жабыркаган. Жерине 3 куткаруучу тартылып, жабыркагандарды унаадан чыгарып "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришти.