Бишкектеги "Манас" эл аралык аба майданынан Түркиянын жаранын уурдоо фактысы боюнча издөөдө жүргөн эки адамдын бири кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, издөөдө жүргөн 1998-жылы туулган Ниязалы Махаматкарим уулу аттуу жаран кармалган.
"Азыркы учурда кылмыш ишинин негизги катышуучусу, 1971-жылы туулган Болот Матраимов издөөгө алынды. Ал укук коргоо органдарынан из жашырып жүрөт. Ошондой эле жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө С.Д.ны уурдоого түрк тектүү Кыргыз Республикасынын 1976-жылы туулган жараны Озген Эртугрул Каандын тиешеси бар экени аныкталып, ага дагы издөө жарыяланды", - деп билдиришти УКМКдан.
2021-жылдын декабрь айында "Манас" аэропортунан Түркиянын С.Д. аттуу жаранын уурдап, 3 миллион доллар талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалган.