Унаадан өрт чыкканда эмне кылуу керек? ӨКМ бир нече эрежелерди сунуштайт

Өткөн сутка ичинде Бишкек шаарында 8 унаа өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8 унаадан чыккан өрттөн эч ким жабыркаган эмес. Учурдун өрттүн себептери такталууда.

Соңку убакта унаалардан өрт көп чыгып жатканына байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бир нече эрежелерди сунуштайт:

Унаанын ичи тез күйүүчү буюмдардан турат. Алар: күйүүчү май, унаа майы, желим, боёк, ток өткөргүчтөр.

Унаа 4-6 мүнөттө эле толугу менен күйүп кетерин эсиңизге түйүңүз. Ошондуктан өрт чыккан учурда унааны дароо таштап чыкканга шашылыңыз. Күйүп жаткан унаадан 10-15 метр аралыкка чейин кетүү зарыл.

Өрттүн келип чыгышы эң алды менен айдоочудан көз каранды. Андыктан дайым унааңыздын абалын дыкат карап, бузулган жери болсо адистерге оңдотунуз жана унаа ичинде сөзсүз өрт өчүргүч болушун камсыздаңыз.

Эң натыйжалуу өрт өчүргүч бул – порошок түрүндөгүсү болуп саналат. Аталган өрт өчүргүчтүн курамы түрдүү күйүүчү заттарды өчүрүүгө ылайыкталган. Айрыкча чыңалуу абалында турган электр каражаттарын өчүрүүдө натыйжалуу.

Өрт өчүргүч каражатын атайы адистештирилген дүкөндөн сатып алыңыз. Алып жаткан учурда жарактуу мөөнөтүнө көңүл бурунуз.

Өрт өчүргүчтү эң туурасы унаанын арткы бөлүгүнө (багажник) эмес, киши отурган салонго жайгаштырыңыз. Бул кооптуу абал жаралган учурда тез арада чара көргөнгө ыңгайлуу жана жеңил.

Дүрбөлөңгө түшпөңүз.

Унаа башкарып бараткан учурда өрт чыкса, 90 секунд ичинде ичинен чыгып кеткенге аракет кылыңыз. Бул аралыкта эң башкысы өзүңүздү дүрбөлөңгө алдырбастан, унааны элден жана имараттардан алыс ачык жайга токтотуп, керектүү документтериңизди алып чыгып кеткенге аракет кылыңыз.

Унаанын ылдамдыгын жогорулатпаңыз.

Айдап бара жатканда өрт коркунучу жаралса, унаанын ылдамдыгын эч качан жогорулатпаңыз. Бул ого бетер өрттүн бат тутанып кетишине алып келет.

Эгер унаанын май күйүүчү жери күйүп жатканын билсеңиз, дароо алыс качыңыз.

Эгер унаанын мотору жайгашкан жери күйүп жаткан болсо, таяк менен этият ачып, өрт өчүргүч менен өрттүн очогун көздөй багыттап өчүрүүгө аракет кылыңыз. Бул учурда сизге кум, кар, топурак да жардамга келет. Эгерде өрттү өчүрүүгө мүмкүн эмес болсо, коопсуз жерге унааны таштап кетүү кажет.

Унаанын ичинде жүргүнчүлөр бар учурда, колдон келишинче тез убакыттын ичинде чыгып кеткенге шашылуу керек.

Унааңыздын жанында токтоп турган башка унаа күйгөн болсо, алыс аралыкка коюп же муздак суу менен чачып туруңуз.

Унаадагы өрттүн келип чыгуусуна төмөнкүлөр алып келет:

Электр зымдарынын авариялык абалда болушу;

Айрым бөлүктөрдүн температурасы жогору абалда болушу;

Унаа ичинде чылым чегүү;

Кооптуу жүктөрдү туура эмес ташуу;

Аварияга кабылган учурда.

Өрт кырсыгы болгон учурда унаанын ичинде үч негизги каражат болушу шарт:

  • Медициналык кутуча;
  • Өрт өчүргүч;
  • Синтетикалык эмес жапкыч.

101, 112 кызматы күнү-түнү кызматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан