Колундагы 2 жашар наристе чарчап калган. Орусияга бала багууга барган Кыргыз жаранына кылмыш иши козголду

Орусияга бала багуу үчүн барган келиндин багуусундагы 2 жашар наристе чарчап калды. Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен бул окуя боюнча кылмыш иши козголгонун кабарлашты.
Маалым болгондой, бүгүн, 31-январда Ленинград облусу боюнча тергөө комитетинин Всеволожск шаары боюнча тергөө бөлүмү тарабынан 1987-жылы туулган И.Н.М. аттуу Кыргыз жаранына карата кылмыш иши козголду.
"Укук коргоо органдарынан алынган маалыматка караганда, И.Н.М. коопсуздук талаптарына жооп бербеген шартта балдарды багуу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө жол берген, анын кесепетинен наристе шектүүнүн батиринде каза болгон.
Учурда укук коргоо органдары тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында бардык зарыл болгон ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - дешти элчиликтен.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
joke81kg
2022-02-01 09:01:15
Менин кошунамда москвада бир кемпирди карайт экен апасы бул жакта мени карабай орус кемпир карайт деп нааразы болгондой
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан