Акыркы суткада республика боюнча COVID-19 илдетинен сакайып, 547 бейтап ооруканадан чыгарылды.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, стационарларда 1063, ал эми амбулатордук түрдө 4903 бейтап дарыланууда.
Стационарда дарыланып жаткан 1063 бейтаптын ичинен:
канааттандырарлык - 8;
орто оордукта - 586;
оор абалда - 403;
өтө оор абалда - 61.
Жалпы айыккандардын саны 188 миң 143 бейтапты түздү.