Ош шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Александр Гусаков 94 жашында каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.
"31-январда маркум менен коштошуу зыйнаты өтүп, ага Ош шаарынын мэриясынын, шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, шаардык ардагерлер биримдигинин, Ош аскер гарнизонунун, Орусиянын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун өкүлдөрү, маркумдун туугандары жана жакындары катышты. Гусаковдун сөөгү Ош шаардык көрүстөнүнө коюлуп, үч жолу ок атылды", - деп билдиришти шаардык мэриядан.
Александр Гусаков Кызыл Армиянын катарына Казакстандагы өзү туулуп-өскөн Усть-Каменогорск шаарынан чакырылган. 1944-1945-жылдары Украина фронтунун 25-гвардиялык бригадасында кызмат өтөгөн. Жеңишти Германиянын Дрезден шаарында тосуп алган. Согуштан кийинки жылдарда Урал аскер округунда жогорку офицердик курстарды окуп, андан кийин Воркутадагы шахтада иштеген. 1968-жылы Ош шаарына келип, пенсияга чыкканга чейин Алмалык шахтасында иштеген.
Ардагер көптөгөн ордендер жана медалдар менен, анын ичинде “Германияны жеңгендиги үчүн”, “Украинаны боштондукка чыгарганы үчүн”, “Жуков медалы” жана башка юбилейлик медалдар менен сыйланган.
Эскерте кетсек, учурда Ош шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун 4 ардагери калды.