Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин Конституциялык комитеттин жыйынында министрлер кабинетинин өкүлү сунушун айтты. Ал Жогорку Соттун төрагасынын бир жылдык маалыматын угууну алып салууну сунуштады. "Жогорку Соттун төрагасынын маалыматын кароо алып салынган. Жаңы Конституцияда жок. Ушул маселени карап бериңиздер деп суранып жатканбыз", - деди ал.
Депутат Алтынбек Сулайманов ички эрежени депутаттар өздөрү чече турганын билдирди. "Өкмөттүн өкүлү, министрлер кабинетинин башчысына өзүңөрдүн ишиңерди кылгыла деп айтып коюңуз. Силердин жасай турган ишиңер толтура. Биз ички эрежебизди өзүбүз түзөбүз. Өкмөттө иш калбай калса айткыла", - деди депутат.
Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук боюнча комитетинин төрагасы Медербек Алиев бул маселе комитеттин мүчөлөрү кандай чечимге келсе ошондой боло турганын айтты.