Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин комитети Нургүл Бакированын Жогорку Соттун төрайымы кызматынан кетүү боюнча арызын карады.
Бул боюнча президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов баяндама жасады.
Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук боюнча комитети бул маселени палатага кароого жөнөттү.
Нургүл Бакирова кечээ, 31-январда Жогорку Соттун төрайымы кызматынан кетүү боюнча арыз жазган. Ал бул кызматты 2021-жылдан бери аркалап келген.