Кайра шайлоо. 6 талапкер шайлоого катышуудан баш тартты

6 талапкер кайра шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

  1. Камбаров Мирлан Адилбекович;
  2. Шакирова Клара Капановна;
  3. Рысалиев Бактыбек Коржубаевич;
  4. Сопуева Нуржан Джуносовна;
  5. Масалиев Исхак Абсаматович;
  6. Керимбаев Жусубалы Топчубаевич.

Талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө 72 талапкер арыз берди, 55 талапкер каттоого документтердин толук топтомун тапшырды.

Буга чейин төмөнкү талапкерлер шайлоого катышуудан баш тарткан:

  1. Кутбидинов Азизбек Камчыбекович;
  2. Аматов Рысбай Аматович.
  3. Мотуев Нурдин Аманканович;
  4. Хасанов Дильшат Ибрагимович;
  5. Эргешов Казыбек Кочкорович;
  6. Джакыпбеков Шадыкан Мырзаканович;
  7. Ибраймакунов Данияр Омурбекович.

Бишкектин Свердлов жана Биринчи Май округунда кайра шайлоо 27-февралда өтөт. Белгилей кетсек, 28-ноябрда өткөн шайлоодо аталган эки округда шайлоого катышкан жарандардын баарына каршы добуш бергендердин саны көп болгон. Анда Биринчи Май районунда 32,92 пайыз, Свердлов районунда 37,48 пайыз бардыгына каршы добуш берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан