Алдамчылыкка шектелип кармалган БШКнын мүчөсү Эшимов жумушка чыкты. Ал учурда жыйынга катышып жатат

Алдамчылыкка шектелип кармалган БШКнын мүчөсү Акылбек Эшимов жумушка чыкты. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан тастыкташты.

Бүгүн, 1-февралда Эшимов Борбордук шайлоо комиссиянын жыйынына катышып жатат. Анын жумушка чыкканына бир аптадай болуп калганы айтылды.

Акылбек Эшимов алдамчылыкка шектелип УКМК тарабынан кармалган. Былтыр 30-декабрда Эшимов үй камагына чыккан. Ал Жогорку Кеңештин 6-чакырылышына кызматтан кетүү арызы менен кайрылган. Бул маселени парламенттин 6-чакырылышы тийиштүү комитети караган. Бирок ал кийин кайра арызын чакыртып алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан