БШК 4 талапкерди каттоодон баш тартты. Алар кимдер?

Борбордук шайлоо комиссиясы 4 талапкерди каттоодон баш тартты. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.

  1. Асанбеков Жаныбек Асанбекович, № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер. Жогорку кесиптик билим жөнүндө жана шайлоо күрөөсүн төккөндүгүн ырастоочу документтерди бербегендиги үчүн каттоодон баш тартылды;

  2. Жоробеков Азаматбек Жолборсович, №27 Биринчи май шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерликке көрсөтүлгөн. Жогорку кесиптик билим жөнүндө жана шайлоо күрөөсүн төккөндүгүн ырастоочу документтерди бербегендиги үчүн каттоодон баш тартылды;

  3. Керимбеков Бакыт Макенович, №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерликке көрсөтүлгөн. Шайлоо күрөөсүн төккөндүгүн ырастоочу документти бербегендиги үчүн каттоодон баш тартылды;

  4. Мамбеталиев Данияр Нурланович, №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерликке көрсөтүлгөн. Шайлоо күрөөсүн төккөндүгүн ырастоочу документти бербегендиги үчүн каттоодон баш тартылды.

Бишкектин Свердлов жана Биринчи Май округунда кайра шайлоо 27-февралда өтөт. Белгилей кетсек, 28-ноябрда өткөн шайлоодо аталган эки округда шайлоого катышкан жарандардын баарына каршы добуш бергендердин саны көп болгон. Анда Биринчи Май районунда 32,92 пайыз, Свердлов районунда 37,48 пайыз бардыгына каршы добуш берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан