Ош шаарынын Жапалак айылындагы бала бакчалардын биринде санитардык эрежелерди жана административдик нормаларды бузуу фактылары аныкталды. Ош шаардык мэриясынан кабарлашкандай, текшерүүнүн жыйынтыгы менен тиешелүү чечимдер кабыл алынат.
"Ош шаарында бала бакчалардын ишине көзөмөл жүргүзүү башталды. Анда Жапалак айыл аймагындагы "Актан" бала бакчасына мониторинг жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жүрүшүндө санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистери тарабынан бала бакчанын ашканасынын кызматкерлери тарабынан тамак-аштын сапаты жана санитардык-гигиеналык эрежелери боюнча бир катар бузуулар аныкталды. Ошондой эле аталган бала бакчанын ишмердүүлүгүнө жана балдарды кабыл алуусуна талдоо жүргүзүлдү", - дешти маалымат кызматынан.
Белгилей кетсек, шаардагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин ишине мониторинг жыл сайын бекитилген графиктин негизинде жүргүзүлүп келет. Буга тамак-аштын жана көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатына нааразы болгон ата-энелердин көптөгөн кайрылуулары себеп.