1-февралда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин мүчөлөрү кезектеги жыйынында "Temirov Live" редакциясынын журналисттеринин иши боюнча Ички иштер министрлигинин маалыматын укту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Аталган маселе боюнча ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев маалымат берди.
Талкуу маалында комитет төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков тергөө иштеринин жүрүшүндө мыйзам бузуулар белгиленип жатканына токтолуп, баңги заты атайын "салынгандыгы" тууралуу Болот Темировдун билдирүүсүн жүйө келтирди.
Ал эми депутат Алишер Эрбаев күнөөсүздүк жоромол принцибин сактоо зарылчылыгына токтолду.
Өз кезегинде ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев тергөөнүн жүрүшү видеотасмага тартылып, видеобайкоо камераларынын тасмалары алынганын белгилеп, "баңгизат салуу" фактысы далилденсе, күнөөлүүлөр жазаланаарын кошумчалады. "Азыр видеоматериалдар иликтенүүдө" деди министрдин орун басары.
Талкуунун жыйынтыгында тармактык комитет Башкы прокуратурага жана Ички иштер министрлигине аталган ишти бейтарап, акыйкат иликтөөнү тапшырды.