Президент Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу менен 3-6-февралда иш сапары менен Кытай Эл Республикасында болот. Бул туурасында президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев билдирди.
Жээнбек Кулубаев белгилегендей, иш сапарынын алкагында мамлекет башчысы Пекин шаарында өтө турган Кышкы Олимпиада - 2022 оюндарынын ачылыш аземине катышып, Си Цзиньпин менен жолугушат.
Жолугушууда тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашат.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө ушул жылы белгиленип жаткан Кыргыз өлкөсү менен Кытайдын ортосундагы 30 жылдык дипломатиялык кызматташтыктын жыйынтыгы чыгарылып жана мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн келечеги талкууланат.
“Талкуулана турган негизги маселелердин бири Кытай-Кыргыз-Өзбекстан эл аралык темир жол линиясын куруу перспективасы болмокчу.
Соода-экономикалык кызматташуунун алкагында кыргыз тарап “Эркеч-Там” жана “Торугарт” өткөрмө бекеттеринин өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, өлкөлөр ортосундагы аба каттамдарын жандандыруу маселелерин көтөрөт. Мындан тышкары кыргыз делегациясы энергетика, тоо-кен, айыл чарба жана билим берүү тармактарында бир катар долбоорлорду улантууну ниеттенип, инвестициялык кызматташуу маселелерин талкуулоого даяр”, - деп маалымдады Жээнбек Кулубаев.