Конституциялык соттун төрагалыгына Эмиль Өскөнбаевдин талапкерлиги сунушталууда. Бул тууралуу парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду.
Анын талапкерлиги боюнча президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов маалымат берди.
Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети анын талапкерлигин колдоду.
Буга чейин бул кызматта Карыбек Дүйшеев эмгектенген.