Парламенттин эки фракциясы Баткенде көчмө жыйын өткөрөт

Жогорку Кеңештин "Ынтымак" жана "Ишеним" фракциялары биргелешкен көчмө жыйын өткөрөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйын 5-февралда Баткен облусунда өтөт. Анда төмөнкү маселелер каралат:

1. "Баткен облусунун макамы жөнүндө" мыйзамынын аткарылышы;

2. Тажикстан Республикасы менен чек арада 2021-жылдын апрелинде болуп өткөн аскердик кагылышуунун кесепеттерин жоюу боюнча калыбына келтирүү жумуштарынын жүрүшү жана андан аркы эскалацияга жол бербөө маселеси;

3. Тажикстан Республикасы менен чектеш аймактардагы кырдаал;

4. Ош облусунун Ноокат районундагы капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж айрым унаа жолдорго байланыштуу маалымат;

5. Бишкек – Исфана - Бишкек каттамы боюнча түз авиа байланыштар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан