Жогорку Кеңеш чек ара маселесин жабык эшик артында карап жатат

Бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңеш чек ара маселесин жабык эшик артында карап жатат. Маалыматты УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев берип жатат.

Депутат Марлен Маматалиев маселени жабык эшик артында кароону сунуштады.

Бүгүн жыйында депутаттар чек ара маселесин кароону сунушташкан.

Белгилей кетсек, 27-январда Баткен-Исфана жолунун Баткен районунун Төрт-Көчө тилкеси Тажикстандын чек арачылары тарабынан тосулуп, ок атуучу куралдардан ок чыгарышкан.

Учурда Баткен районунун чек ара тилкесинде жайгашкан чек ара бөлүктөрү күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан