Саясатчы Жеңиш Молдокматов үй камагына чыкты

"Туран" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов үй камагына чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына саясатчынын партиялашы Адилет Темирланов билдирди.

Анын айтымында, мындай чечимди Бишкек шаардык соту кабыл алган.

“Бүгүн, 2-февралда Бишкек шаардык сотунда Жеңиш Молдокматовдун баш коргоо чарасы каралды. Анын жыйынтыгы менен сот үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алды”, - деди Темирланов.

Жеңиш Молдокматов "Октябрь окуяларында жапырт баш аламандык уюштурган" деген айып менен камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан