"Позициямдан кайтпайм". Үй камагына чыккан Жеңиш Молдокматов кайрылуу жасады

"Туран" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов үй камагына чыккандан кийин аны колдоочуларга жана жалпы элге ыраазычылыгын билдирип, төмөнкүлөргө токтолду.

"Бүгүн, 2-февралда Бишкек шаардык сотунда биздин арыздын негизинде менин баш коргоо чарам каралды. Бүгүн үй камагына чыктык. Камакта отурганыма 271 күн болду. Ушул күнгө чейин мени колдоп турган жалпы элиме, колдоочуларга, өзгөчө журналисттерге терең ыраазычылык билдирем. Эми үйгө чыктым, мындан ары элибизге кызмат кылганга дайынбыз", - деди Молдокматов.

Мындан тышкары Молдокматов өз позициясынан тайбай тургандыгын билдирди.

Бүгүн, 2-февралда Бишкек шаардык сотунда Жеңиш Молдокматовдун баш коргоо чарасы каралып, ал үй камагына чыккан.

Үй камагына чыккан Жеңиш Молдокматовдун кайрылуусу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан