Бүгүн, 2-февралда парламентте Жогорку Соттун жана Конституциялык соттун төрагасынын талапкерликтери каралууда.
Депутат Исхак Масалиев Жогорку Соттун төрагалыгына талапкер Замирбек Базарбековдун мугалими экени белгилүү болду. "Сиз 1989-жылы университетти бүткөнсүзбү? Мен сизге сабак бердим беле? Жакшы баа алдыңыз беле?" деп сурады депутат.
Базарбеков: "Тарых предмети боюнча мугалимим болгонсуз. Староста катары мага 5 деген баа коюп бергенсиз. Эч качан унутпайм", - деди.
Масалиев: "Соттор 30 жылдан бери бийликте аткаруучу болуп калды. Аракет кылгыла. Таза иштегиле. Коом саясатчыларга, сотко, прокурорго, милиция кызматкерине, дарыгерлерге ишенбейт. Бирок айла жок кайрылышат", - деди.