Депутат Нарматова Жогорку Соттун төрагалыгына талапкерге: "Буйрук аткарбайм деп сөз бере аласызбы?"

Бүгүн, 2-февралда парламентте Жогорку Соттун жана Конституциялык соттун төрагасынын талапкерликтери каралууда.

Депутат Надира Нарматова Жогорку Соттун төрагалыгына талапкер Замирбек Базарбековдон "буйрук аткарбайм деп сөз бере аласызбы" деп сурады. "Соттор жогору жактан келген чалууларды аткарбай коёт деп кепилдик бере аласызбы? Кимге болсо да тикесинен тура алам деп Кудайдын алдында, Конституциянын алдында ант бере аласызбы?" деп сурады депутат.

Базарбеков: "Кепилдик берем. Иш жүзүндө көрсөтөбүз. Мыйзамга гана баш иебиз. Убада берем", - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан