Өлкөдө үрөн сатып алууга республикалык бюджеттен 1 миллиард 534 миллион 400 миң сом бөлүндү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сапаттуу үрөнү Орусиядан сатып алынат.
Жогорку түшүмдүү сорттордун үрөнүн өндүрүүгө киргизүүдө өлкөнүн үрөн чарбалары ички рынокто жыл сайын өндүрүлгөн үрөндөрдүнүн көпчүлүк бөлүгүн сата алышат. Ошондой эле аларды өз муктаждыктары үчүн пайдалана алуу мүмкүнчүлүгү бар. Ал эми кийинки жылдары сапаттуу үрөндөрдү өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү мүмкүнчүлүгү пайда болот.
Сапаттуу үрөндөр менен буудайды себүүнүн эсебинен анын түшүмдүүлүгү орточо гектарынан 5-7 центнерге өсөт. Бул жыл сайын кошумча 150 миң тонна жогорку сапаттагы дан алууга мүмкүндүк түзөт.
Буга чейин айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Орусиядан талапка жооп берген сапаттуу үрөн алып келип, дыйкандарга таратуу зарыл экенин айткан.