Парламентте жабык каралган чек ара маселеси. Камчыбек Ташиев жыйын кандай өткөнүн айтып берди

Бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин депутаттарына УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргыз-Тажик чек арасы тууралуу маалымат берди. Жыйын жабык өттү.

Ал жактан чыккан Камчыбек Ташиев отурум тууралуу журналисттерге кыскача маалымат берди.

“Депутаттар протоколдогу Ворухка жол берилет экен, ушул маалымат чынбы деген суроолорду беришти. Протоколду буларга окуп, анын маанисин жеткирип бердим. Ал жерде так айтылып турат, эч кандай Ворухка коридор берилбейт, эч кандай ашыкча жол курулбайт. Ак-Сайдын күн чыгыш тарабынан берилет делинип, бирок макулдашыла турган жолдун долбоору ак-сайлыктардын жана Ворухка кирип-чыгып жаткан адамдардын коопсуздугун сактайлы деген максатты көздөйт. Бирок протоколдо так жазылып турат, ал жолдун макамы эки мамлекеттин ортосундагы келишим аркылуу аныкталат деп, ансыз ал курулбайт. Эки мамлекеттин ортосундагы жолдун макамын президенттер гана аныктайт, биз аларга сунуш беребиз анын негизинде аныктайт”, - деди Ташиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан