Лимон кошулган суу адамдын организмине жакшы таасир этүүчү пайдалуу суусундук. Мындай жөнөкөй суусундукту ичүү организмди инфаркттан жана кан тамырлардын бузулушунан сактайт, ошондой эле чарчоо менен күрөшүүгө жардам берет.
Окумуштуулар лимон кычкыл даамына карабастан, кантты жана спиртти көп колдонуудан улам организмди кычкылдануусунан арылтарын айтышат. Бул абал сөөктөрдүн жана кемирчектин акырындык менен бузулушуна байланыштуу коркунучтуу жана теринин абалына терс таасирин тийгизет. Ошондой эле лимон суусундугу маанайды көтөрүүгө жардам берет.
Дарыгерлер күн сайын тамактын алдында ага лимон кошулган бир стакан суу ичүүнү сунушташат. Бул адамдын организминдеги кычкылтектин балансын калыбына келтирүүгө жардам берет. Мындан тышкары цитрус жемиштеринде С витамини көп, ал суук тийүү менен ага каршы күрөшүүгө жардам берет жана антиоксиданттык таасирге ээ.