Өмүрбек Текебаев Германиядагы кыргыз элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар кабарлашты.
Маалыматка ылайык, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Германиядагы кыргыз элчиси болуп бекитилди.
Саясатчынын элчи болгону тууралуу расмий маалымат түштөн кийин таратылат.
Буга чейин SUPER.KG порталына өздүк булактар Текебаев Германияга элчи болуп дайындаларын, буйрук сентябрь айында чыга тургандыгын билдирген. Бул боюнча саясатчынын өзү менен байланышканыбызда, ал бул тууралуу маалыматы жок экенин айткан.