Үй-бүлө куруу, кесип тандоо... Адис психологиялык кризистин белгилерин, андан чыгуу жолдорун айтат

Адамдын жашоосу бир калыпта эле өтө бербейт. Түрдүү жагдайларга, кырдаалдарга туш болгон учурларда адам психологиялык өзгөрүүлөргө туш болору анык.

SUPER.KG порталында психологиялык туруктуулукка, эмоцоналдык интелектке байланыштуу суроолорго психолог Жакшылык Жыргалбеков жооп берди.

- Психологиялык туруктуулук деген эмне? Адам аны кантип бир калыпта алып жүрө алат?

- Психологиялык туруктуулук (ПТ) бул психологиялык же психикалык оорулардын жоктугу. Психологиялык стабилдүүлүктү белгилеген жүрүм-турум десе болот. Психологиялык туруктуулукта ар бир адамдын деңгээли болот. Ар бир адамдын өзүнүн абалына жараша стресске каршылык бере албаган учурлар болушу мүмкүн. Ошол стресске каршылыкты көрсөтүү үчүн адам жалпы өзүнүн ой пикирин, идеялары ошол абалга туура келеби ойлоо зарыл. Адам өзү кандай писихологиялык көйгөйлөрү бар экенин түшүнүшү абзел. Психологиялык абалын жакшыртуу үчүн адистерге, тагыраагы психологдорго кайрылса болот. Өзүнүн психологиялык абалын билүү үчүн адистерге кайрылуудан уялбоо керек.

- Адамда бат ачуулануу, сөз көтөрө албоо сыяктуу белгилер пайда болгон учурда анын психологиялык абалында кандайдыр бир көйгөй бар деп жыйынтык чыгарууга болобу? Эгер болсо алдын алуу жолдору кандай?

- Эгер адам бат ачууланып же психологиялык туруктуулуктун башка белгилери бар болсо, мисалы, ыйлайт же эмоционалдык жактан көйгөйлөрү болсо, өзүнүн эмоцияларын түшүнбөсө адам өзү сөзсүз түрдө көйгөйлөрдүн чечүү жолдорун издеп көрүү керек. Жалпы адамда тынчсыздануу сезими, депрессия болсо норма катары эсептелбейт. Ошол көйгөйлөр адамдын туруктуулугуна таасир берет. Өз алдынча көйгөйлөрдү чечүү жолдорун издеп көрүшү абзел. Эгер өз алдынча чече албаса, писихологго кайрылуу керек.

- Көчөдө калган адамдардын психологиясы дагы кызык болуп жатат. Ар бир адам мындай жагдайга туш болуп калышы мүмкүнбү? Психологияда көчөдө калып калган, күнүмдүк жашоо менен жашаган жарандарга атайын аныктама берилеби? Канткенде ушундай жагдайга түшүп калышат?

- Көчөдө калган адамдардын психологиялык өзгөчөлүктөрүн эки жактан карасак болот. Биринчиден, ал адамдарда стресс маселеси болушу мүмкүн. Мындан тышкары өзүнөн жооп алууда, өзүнө болгон ишенимде көйгөйлөр болушу ыктымал. Экинчиден, социалдык жактан карап көрүшүбүз керек. Турмуштун оор кырдаалдарына кабыл болгону үчүн ушундай көйгөйгө туш болот деп ойлойм.

Жалпылап алганда, бул адамдардын писихологиясында жоопкерчилик, өзү-өзүнө ишеним ар кандай психикалык көйгөйлөргө дуушар болушу ыктымал. Социалдык жана психологиялык абалга кабылганда адам өзүндө болгон ишенимди жоготуп коёт.

- Адамдагы психологиялык кризистин белгилери кандай? Чыгуу жолдору...

- Психологияда көптөгөн кризистерди белгилеп кетсек болот. Жашоо циклдери менен байланыштуу кризистер бар. Белгилүү коомдо өспүрүм учурундагы, орто жаштагы кризистер болот. Андан тышкары адамдын жеке жашоосунда ар кандай кризистер болушу мүмкүн. Социалдык жашоосу менен байланышкан тандоо кризиси болушу ыктымал. Бул турмушка чыгуу, үйлөнүү, окуу тандоо жана башка ушул сыяктуу учурларда кризис пайда болот.

Психикалык туруктуулукту кармаш үчүн ар бир адам өзүн-өзү колдоп, ишенүү зарыл. Андан тышкары адамды курчаган чөйрөдө мамиле көйгөйлөрү болушу мүмкүн. Ар бир турмуштук кризисти сыноо катары кабыл алсак болот. Ар бир кризистен кийин өзгөрүүлөр болот. Эгер адам ал өзгөрүүлөргө даяр эмес болсо кризисти оор өткөрөт. Ошондуктан кризистер психикалык туруктуулукка чоң таасир этет.

- Эмоционалдуу интеллект кантип жакшырта болот?

- Эмоционалдуу интеллект - бул өтө маанилүү тармак. Баары тарбиядан. Биринчи иретте адам бири-бири менен мамиле курганда өзүнүн сезимдери жөнүндө эркин айтып, сезимдерин туура чыгарганга үйрөнсө эмоционалдык интеллекти жогору адам деп эсептесек болот.

Ар бир адам эмоционалдуу интеллектти көтөргөнгө мүмкүнчүлүгү бар. Буга үйрөнсө болот. Ошондуктан өзүңөрдүн сезимдериңерди айтып, сезимдериңерди сыртка чыгарып, аны түшүнүп. Сезип жаткан эмоциоңарды туура жеткиргенге үйрөнүү зарыл.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан