Ысык-Көл облусунда көлгө секирип, өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылган кызды милиция кызматкери куткарып калды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя Балыкчы шаарында болгон. Анда кызды шаардык милициянын аймактык ыйгарым кызматкери сактап калган.
"Кечээ, 2-февралда жергиликтүү тургундан билдирүү түшүп, анда кыз сууга секирүүгө аракет көрүп жаткандыгы айтылган. Нөөмөт кызматынын кызматкерлери дароо окуя болгон жерге барышкан. Кызматкер Амантур Бакиров кызды сөзгө тартып, кадамынан баш тартууну суранган. Бирок кыз сууга секирген, артынан кызматкер да секирип, кызды жээке чыгарууга үлгүргөн. Кызга алгачкы жардам көрсөтүлгөн соң ооруканага жеткирилген. Учурда анын абалы жакшы жана бул ишке эмне себептен барганы териштирилүүдө", - деп жазылат маалыматта.