Бүгүн, 2-февралда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда журналисттер үчүн уюштурулган пресс-турдан кийин маалымат жыйын берди.
Маалымат жыйында министр чет өлкөлөргө кеткен кыргыз травматологдорун чогултуп жатканын айтты.
"Мага Түркиядан, Орусиядан, АКШдан, Германиядан чалып жатышат. Кыргыздын чыгаан травматологдору келип иштеп берели деп жатышат. Өлкөнүн травматологиясын көтөрүп берели дейт. Сабырбек Жумабеков өзүм деп жатып, алардын баары өлкөдөн чыгып кеткен. Ал жер "Тез жардам" ооруканасы болушу керек. Кайра алып келиш керек. Травматологияны биз Улуттук хирургия борборунда ачып жатабыз.
Азыр мен башка өлкөлөргө кеткен бардык травматологдорду чогултуп жатам. Алар келишет. Ошолордун арасынан конкурс кылабыз, анын жыйынтыгы менен кыйыны башкы дарыгер болот", - деди Бейшеналиев.
Эскерте кетсек, буга чейин Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борбору жоюлуп, ордуна шаардык клиникалык Тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлөрү кабарланган. Бул аракетти саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев SUPER.KG порталына “оорукананы элге кайра кайтаруу” деп сыпаттаган.
Буга Сабырбек Жумабеков жооп берген.