"Апасы баласына". Өлкөдө биринчи жолу бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалды. Баасы канча?

Кыргыз өлкөсүндө расмий түрдө биринчи жолу бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалды. Операция 28-январь күнү Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жасалган.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 3-февралда журналисттерге аталган улуттук борбордо пресс-тур уюштурулду. Пресс-турда дарыгерлер бөйрөктү алмаштыруу операциясы ийгиликтүү өткөнүн айтышты.

Бөйрөк алмаштыруу операциясы ушул керебетте жасалган.

Дарыгерлердин айтымында, бүгүнкү күндө гемодиализге мамлекеттик бюджеттен жылына 1 миллиард 200 миң сом кетет. Ал эми бекер гемодиализди өлкө боюнча 3 миңге жакын адам алат.

Операция болгон жаран.

Бөйрөк алмаштыруу операциясында ата-энесинин же бир туугандарынын эле бөйрөгүн алганга болот. Алгач бейтаптарды даярдаш керек. Ага лаборатория, шаймандар керек. Өлкөдө булардын көбүнчөсү жок. Ошондуктан башка өлкөгө лабораторияга барууга туура келет.

Учурда эне-баланын абалы жакшы. Операция 8 саатка чукул созулган. Бул учурда дарыгерлер эч жакка жылбастан бейтап жаткан керебеттин жанында турууга туура келет. Бөйрөктү алмаштыргандан кийин ал дароо иштеген. Учурда дарыгерлер бейтаптардын абалын калыбына келтирип жатышат.

Бейтаптын ата-энеси. Баласына бөйрөгүн берген эне абалы жакшы экенин айтып, дарыгерлерге ыраазычылыгын билдирди.

Дарыгерлер өлкөдө бөйрөк алмаштырууга 7100 доллар керектелерин айтты. Операция кылган дарыгерлер акча албайт. Бул суммага бөйрөктү берген адамдын дагы, бөйрөктү алып жаткан адамдын дагы анализдери, лаборатория акысы кирерин айтышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Rusbayastan
2022-02-03 16:56:14
Молодец,болот экен го озубуздо дагы бойрок алмаштырса
+18
akmanai
2022-02-03 17:41:58
Эххх энелер! Атынарды кунго барып жазса дагы айга барып такса дагы аздык кылат. Ыйлап алдым)))
+18
ainura220888
2022-02-03 18:13:59
Эми бойрок толук жашап кеткиче эч ким менен контакт кылбай жакшы жашаш керек. Иий бойрогун алмаштырды анти минти деп тууган уругу коргону бара бербегиле бейтап жебеген бир нерселерди которуп алып. Лучше жакшы смс жазып тыйын берип койгула ошол эн жакшы.
+17
Mirnar
2022-02-03 18:36:56
Врачтарыбыз эми бойрок бизнесмени болбой врач бойдон калып элдин жакшылыгына иштеп берсин.
+13
Kari
2022-02-03 21:58:12
Кандай соонун.Озубуздо муктаждар толтура.Чет мамлекетке жолкира ,аны мунусу болуп эле бир кыйла кетип калат.Кантип катталып операцияга кезеке турса болот.Менин тууганыма да ото керек.
+4
alina2016
2022-02-04 10:50:23
Kaisy vrachtar jasaptyr? Molodetsterdin attaryn bilip alsak.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан