Чүйдүн Лебединовка айылындагы мектепте тарых мугалими менен окуучунун ортосунда чыр чыгып, анын кесепетинен эжей иштен кеткен. Бул окуядан кийин мугалим инфаркт алганы айтылууда. Маалыматты тактоо үчүн №1 Лебединовка мектеп-лицейинин директору менен байланышканыбызда жогорудагы кептерди четке какты.
"Мугалим инфаркт алды деген маалымат туура эмес. Ал мурдатан эле жүрөк кемтигинен жабыркачу. Ошол илдетине каршы үй шартында дары-дармек ичип жатат. Абалы жакшы. Бүгүн эле мектепке келип, анча-мынча буюмдарын алып кетти", - дейт мектеп директору.
Белгилей кетсек, 21-январда Лебединовкадагы мектептин тарых мугалими менен 8-класстын окуучусунун ортосунда чатак болгон. Андан кийин Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары, Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы жана кызматкерлердин катышуусунда жыйын болгон. Жыйындан кийин тарых мугалими өз каалоосу менен жумуштан кетүү боюнча арыз жазып, иштен кеткен.