Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов 3-февралда абактан бошотулду. Сот залынан чыккандан кийин Курсан Асанов тарапташтарына ыраазычылык айтып, пикирин билдирген. Көп өтпөй эле генерал-майордун кызы социалдык тармактагы баракчасына үй-бүлө мүчөлөрүнүн чогулуп отурган сүрөтүн жарыялады. Андан баарынын жакшы маанайда отурганын, бактылуулук туюлган картинаны көрүүгө болот.
Белгилей кетсек, Курсан Асановго карата 3 кылмыш иши козголгон. Биринчиси, Кой-Таш окуясы боюнча, экинчиси Октябрь окуясы боюнча, үчүнчүсү болсо Курсан Асанов менен Алмаз Сарыбаев бийликти басып алуу жөнүндө сүйлөштү делген аудио боюнча.
2-февралда Асановдун баш коргоо чарасы Бишкек шаардык сотунда каралып, Октябрь окуясы боюнча бошотулган. Бирок башка иш боюнча абакта кармоо чечими болгондуктан бошотулган эмес.