Сыймык жаратат! Максим Гордеев Олимп оюндарынын салтанаттуу ачылышында параддан өттү

Бүгүн, 4-февралда Кытайдын "Пекин улуттук стадионунда" XXIV кышкы Олимпиада оюндары расмий түрдө ачылып, катышуучулар параддан өтүштү. Анда Кыргыз өлкөсүнүн атынан чыга турган жалгыз спортчу Максим Гордеев желекти желбирете басты.

Спортчудан тышкары анын машыктыруучусу Игорь Борисов, Улуттук олимпиада комитетинин кызматкери Чолпон Жумагазиева, Улуттук олимпиада комитетинин президенти Садыр Мамытов жана анын башкы катчысы Кылычбек Сарбагишев барышты.

Ал эми өлкө башчы Садыр Жапаров башка өлкөлүк кесиптештери менен трибунадан салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүнө көз салды.

Белгилей кетсек, Максим Гордеев 16-февралда мелдешке чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
salimbek87.kg
2022-02-04 19:54:19
Ийгилик ак жол . Желегибиз ылайым медаль алганда да желбиреп турсун.
+9
Mubarak
2022-02-04 21:00:34
Минус басылып Кетти плюсту бассам
+7
Kari
2022-02-04 21:42:13
Ийгилик.
+5
Jelezo
2022-02-04 21:45:37
Ийгилик.
+4
Perfekt
2022-02-04 21:52:46
Ийгилик!
+4
Tiken
2022-02-04 22:32:48
Франциялыктар да биздин спортсмендин кийимине окшош кийим кийип чыгышты. Ийгилик жаратсын!
+3
Asmat84
2022-02-05 11:59:31
Ийгилик коштосун. Тажиктерден бул олимпиадага бир да оюнчу барбаптыр, гилтейген өзбекстандан да бир эле спортчу барыптыр. Ошолорго салыштырмалуу медаль утпаса да олимпиадага барып кыргыз элинин желегин желбиреткени да чоң жетишкендик деп эсептейм
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан