Сабырбек Жумабеков Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борборунан чыгып кетиши үчүн 2-3 күн убакыт бериш керек. Мындай пикирин SUPER.KG порталына саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
"Гулия Кожакматова биринчиден, ооруканага дайындалды. Экинчиден, ошол Травматология жана ортопедияны түптөгөн кишинин кызы. Ал эки айдын ичинде оорукананы оптимизация кылат, бул юридикалык жакка өтүшү керек да. Анан бүттү, эки айдан кийин кетет.
Сабырбек Жумабеков министрликтин өкүлдөрүн өзүнүн үйүнө киргизбей койсун. Алар ооруканадагы процесстерден коркуп жатышат. Анын баарын 2-3 күндүн ичинде алып чыгышат дагы, ошондон ары кетишет. Бул оорукана өзүнүн менчик ооруканасы эмес да, бул мамлекеттики. Сабырбек Жумабеков ал жерден чыгып кетиши үчүн 2-3 күн убакыт бериш керек", - деди Бейшеналиев.
Кечээ, 4-февралда өткөн маалымат жыйында министр Алымкадыр Бейшеналиев Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борборуна директордун милдетин аткаруучу болуп Гулия Кожокматова дайындалганын айткан.
Андан кийин министрдин орун басары аталган ооруканага барганда Сабырбек Жумабеков киргизе албай турганын айтып, Садыр Жапаровго кайрылуу жасап, президенттин гана чечимин күтөрүн айткан.