Бүгүн, 5-февралда Бишкектеги Саламаттыкты сактоо министрлигинин астында белгилүү травматолог Сабырбек Жумабековду колдогондор митингге чыкты.
Митингге чыккандар Сабырбек Жумабековду ордунда калтырып, саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин отставкасын талап кылышууда.
Кечээ, 4-февралда өткөн маалымат жыйында министр Алымкадыр Бейшеналиев Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борборуна директордун милдетин аткаруучу болуп Гулия Кожокматова дайындалганын айткан.
Андан кийин министрдин орун басары аталган ооруканага барганда Сабырбек Жумабеков киргизе албай турганын айтып, Садыр Жапаровго кайрылуу жасап, президенттин гана чечимин күтөрүн айткан.