"Бата алып". Сабырбек Жумабековду колдоп митингге чыккандар тарап кетишти (фото)

Бүгүн, 5-февралда Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдына белгилүү травматолог Сабырбек Жумабековду колдоп митингге чыккандар тарап кетишти.

Митингге болжол менен 500гө жакын адам чыкты. Алар президент Садыр Жапаровдон Сабырбек Жумабековдун ордунда калуусун суранып, министр Алымкадыр Бейшеналиевдин отставкасын талап кылышты. Митингдин аягында митингге келген аксакал бата берип, акцияга чыккандар тарашты.

Кечээ, 4-февралда өткөн маалымат жыйында министр Алымкадыр Бейшеналиев Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борборуна директордун милдетин аткаруучу болуп Гулия Кожокматова дайындалганын айткан.

Андан кийин министрдин орун басары аталган ооруканага барганда Сабырбек Жумабеков киргизе албай турганын айтып, Садыр Жапаровго кайрылуу жасап, президенттин гана чечимин күтөрүн айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Gulina00
2022-02-05 15:19:56
Тооба бетин табактай кылып Самара мн Сабырбекте бет деле жок экен уялышса болмок креслого чапташкандан.
+9
Fernando_Torres
2022-02-05 17:47:40
Бул Сабырбек акча үчүн кылат кылса чоң чоң коррупция ушул докторлордо болот алардын барын жойуш керек министр деле тура эмес экен экөөнү тең жок кылып мамлекеттик жаңы бирдиктүү реформа кылуу керек болбосо элдин канын соргон докторлор болот
+6
ruslanz
2022-02-05 20:09:22
Врачтарга саясаттын эмне кереги бар. Оорулуларды карабайсынарбы. Бирок тушунук кирешелуу жерден кеткинер келбей атат.
+4
XATSAN125
2022-02-05 20:42:15
Жанивар биздикилерге митинг дегенде табылбай эле турат да ичкен ашын жерге коюп туруп жонойт
+3
zamir_kgz
2022-02-05 23:24:20
Тынччылык эле болсунчу, арам акчага арбалбагыла бир күнү тешип чыкканда; Оо Кудай кайсы күнөөмө - деп зар какшайсыңар!
+1
Zynk
2022-02-06 02:15:16
Бул кишиге акча эмес адам омуру важный болсо макул анда деп,частный жай ачып кетип калмак !
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан