Бүгүн, 6-февралда Пекин шаарында өлкө башчы Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик администрациядан кабарлашты.
Жолугушууда мамлекет башчылары саясий, соода-экономикалык чөйрөлөрдө эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелерин жана келечегин, ошондой эле биргелешкен ири долбоорлорго инвестиция тартууну талкуулашкан.
"Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Садыр Жапаровдун кыргыз-кытай кызматташтыгын өнүктүрүүгө кошкон салымын жогору баалап, Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелер орнотулгандан берки 30 жыл аралыгында өлкөлөр ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк болуп көрбөгөндөй деңгээлге жеткендигин белгиледи", - деп жазылат билдирүүдө.
Си Цзиньпин Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында Кыргыз өлкөсү ири саясий жана экономикалык реформалар болуп, коррупцияга каршы катуу күрөш жүрүп жатканын белгилеген.
Ал ошондой эле “Кытай-Кыргыз өлкөсү-Өзбекстан” темир жолун куруунун жана үч өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты активдештирүүнүн маанилүүлүгүн, бул бүткүл Борбордук Азия үчүн абдан маанилүү экенин белгилеген.
"Си Цзиньпин кытай тарап Кыргыз өлкөсүнө коронавируска каршы кошумча 5 миллион доза вакцина жана 50 миллион юань өлчөмүндө коопсуздук тармагында кайтарымсыз жардам берүү чечимин кабыл алганын, түрдүү тармактарда кызматташууну кеңейтүүгө даяр экенин билдирди.
Өз кезегинде президент Садыр Жапаров Кыргыз өлкөсү менен Кытайдын ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгы жана өлкөлөр ортосундагы ынак коңшулаштык, достук жана кызматташтык макулдашуусуна кол коюлгандыгынын 20 жылдыгы белгиленип жаткан жылы өтүп жаткан бул жолугушуунун символикалуулугун белгиледи", - деп кошумчалашты президенттик администрациядан.
Садыр Жапаров кыргыз тараптын “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол долбоорун ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.
Садыр Жапаров ошондой эле “Торугарт” жана “Эркеч-Там” көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу продукцияларды жана унааларды өткөрүү маселелерине токтолуп, кыргыз-кытай чек арасы аркылуу товарлардын импортун жана экспортун тоскоолдуксуз жүргүзүү үчүн “жашыл коридорлордун” эффективдүүлүгүн жогорулатуу боюнча иштерди улантуу зарылдыгын белгилеген.
Ошону менен катар ал кыргыз тарап мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде кытайлык компаниялар менен биргеликте ишке ашырууга кызыкдар болгон бир катар долбоорлорго токтолду.
Садыр Жапаров энергетика тармагындагы кызматташууну активдештирүүнү колдоду.
Мындан тышкары экономиканын тиешелүү тармактарында жаңы долбоорлорду стимулдаштыруу максатында ал жалпы капиталы 1 миллиард АКШ долларын түзгөн кыргыз-кытай инвестициялык фондун түзүүнү сунуштады, ал чакан жана орто бизнес тармагындагы эки тараптуу долбоорлорду каржылай алмак.
Президент КЭР өкмөтү тарабынан Кыргыз өлкөсүнө социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн үзгүлтүксүз негизде көрсөтүлүп жаткан гранттык жардамды жогору баалады.
Садыр Жапаров Кыргыз өлкөсүндө Кытай грантынын негизинде ирригациялык тармактарды реконструкциялоо иштери жүргүзүлүп, быйыл жазда тиешелүү иштерди баштоо пландалып жатканын, бул Борбордук Азияда суунун азайуу мезгили келип жаткан учурда өзгөчө актуалдуу экенин кошумчалады.
Андан соң президент Кыргыз өлкөсүнүн аймагында эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин токтотулган бир катар инвестициялык долбоорлорду ишке киргизүү үчүн өлкөлөр ортосундагы үзгүлтүксүз аба каттамдарын жандандыруунун маанилүүлүгүн белгилеген.
Сүйлөшүүнү жыйынтыктап жатып Садыр Жапаров Си Цзиньпинди Кыргыз өлкөсүнө мамлекеттик сапар менен келүүгө чакырган.