Кара-Бак айыл округунун башчысы Рахманали Султановдун айткандарына караганда, жакында Ош шаарында ЕККУнун жана Өнүктүрүү саясат институтунун "Ресурстарды натыйжалуу пайдалануу аркылуу жаңжалдардын деңгээлин төмөндөтүү максатында Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын деңгээлин жогорулатуу" долбоорунун жыйынтыктоочу форуму болуп өттү. Маалыматтарга таянсак, ага түштүк региону боюнча Жалал-Абад, Ош, Баткен облусундагы пилоттук айыл өкмөттөрдүн өкүлдөрү барышып, Ош облусунан Кеңеш, Баткен облусунан Кара-Бак айыл округдары долбоорго активдүү катышып, берилген тапшырмаларды өз убагында аткаргандыгы үчүн сертификат, дипломдор менен сыйланышты.
"Биз аталган долбоордун алкагында Кара-Бак айыл округуна караштуу 1 гектар 12 сотых бош жерлерди таап, бул боюнча айыл калкына атайын коомдук угууларды өткөрдүк. Эми аталган жерди аймактык кеңештин депутаттарынын сессиясына коюп, аукцион аркылуу жерлерди сатууга жана ижара аркылуу иштетүүгө берүүгө сунуштап жатабыз. Ошентип бул долбоорду ийгиликтүү жыйынтыктадык. Ал эми ЕККУнун долбоорунун алкагында Кара-Бак айыл округундагы чек арадагы жайыттарды, жерлердин менчиктигин тактоо иштери жүргүзүлдү. Мындан сырткары март айынан Кара-Бак айыл округундагы жер астындагы жана жер үстүндөгү жаратылыш кен байлыктарын пайдалануу боюнча жаңы долбоорду ишке ашырганы турабыз. Алдыда дагы аткарылчу иштер арбын",- дейт Кара-Бак айыл округунун башчысы Рахманали Султанов.