Садыр Жапаров менен Кытайдын төрагасынын жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду

Президент Садыр Жапаровдун Пекин шаарына 3-6-февраль күндөрү болгон жумушчу сапарынын алкагында кыргыз-кытай эки тараптуу кызматташтыгын мындан ары арттырууга багытталган бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында президент Садыр Жапаров менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин биргелешкен билдирүү кабыл алышты.

Мындан тышкары, төмөнкү документтерге кол коюлду:

- Кыргыз мамлекетинен Кытайга сояны экспорттоо боюнча протокол;

- 2021-2024-жылдарга Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен КЭР Маданият жана туризм министрлигинин ортосундагы маданият тармагындагы кызматташуу программасы;

- Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Кытайдын ЖМК жана басма сөздү башкаруу мамлекеттик башкармалык ортосундагы классикалык улуттук көркөм чыгармаларды жана адабиятты өз ара которуу жана басып чыгаруу долбоорун ишке ашыруу жөнүндө протокол;

- Улуттук статистикалык комитети менен Кытайдын Улуттук статистикалык бюросунун ортосундагы статистика чөйрөсүндө өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум;

- Экономика жана коммерция министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Коммерция министрлигинин ортосундагы жашыл чөйрөнү өнүктүрүү инвестициялык кызматташтыкты тереңдетүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

- Циндао шаары (Кытай Эл Республикасы) менен Бишкек шаарынын (Кыргыз Республикасы) ортосунда Дэн Сяопин баштап Алыкулов көчөсү, Кустанайский көчөсүнө чейин батыш зонасын жакшыртуу долбоорун ишке ашырууга көмөктөшүү жөнүндө меморандум.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан