Эльвира Сурабалдиева: "Биздин бүгүнкү тандообуз - эртеңки келечегибиздин пайдубалы!"

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине №27 Биринчи Май бир мандаттуу шайлоо округунан талапкер Эльвира Сурабалдиеванын шайлоочуларга кайрылуусу.

“Урматтуу кыргызстандыктар!

Өлкөбүз эгемендүүлүккө ээ болгон 30 жыл аралыгында көп кыйынчылыктарды башынан өткөрдү. Тилекке каршы, экономика өспөй, бийлик бутактары коррупциянын сазына белчесинен батып, миграциянын агымы көбөйүп, жумушсуздук күч алып, жашоо жылдан жылга кымбаттап, миңдеген сапаттуу кадрлар, жаштар башка өлкөлөргө чыгып кетишти. Мамлекеттин жараны катары бул көрүнүштөрдү карап отуруу - мен үчүн өтө оор болду.

Ошол себептен 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышып, бул системаны өзгөртүүгө, терс көрүнүштөр менен күрөшүүгө кадам таштагам. Бул көйгөйлөр менен жалгыз салгылашуу мүмкүн эмес эле. Мени эртеңки келечегибизге кайдыгер карабаган, өлкөгө чын дилинен күйгөн тарапташтарым колдошту. Мен аларга ар дайым ыраазычылык билдирип келем.

Жогорку Кеңештин депутаты, андан кийин вице-премьер болуп турганда жарандарыбыздын жашоо-турмушунун оңолушуна, өлкөбүздү өнүктүрүүгө багытталган иштерди аткарууга аракет кылдым. Тилекке каршы, аз убакытта коррупцияны, бюрократияны, адилетсиздикти толугу менен жоюуга жетише албадык.

Саясаттан убактылуу четтеп турган учурда да коомдук иштерден алыстабай, өзүмдүн көз карашымды, пикиримди билдирип келдим. Бирок өзүңүздөр билгендей, биздеги коомдук-саясий жагдайда жөнөкөй жарандардын үнү чектелүү. Ошондуктан Жогорку Кеңешке барып, берилген мүмкүнчүлүккө ылайык парламенттин трибунасын пайдалануу менен алдыга коюлган максаттарымды ишке ашырып, күрөштү улантуу керек деп эсептейм.

Депутат - бул биринчиден, жарандардын тандоосу менен келген бийлик бутагындагы эл өкүлү. Ал элдин кызыкчылыгы үчүн иштеп, өлкөбүзгө ак ниет, адилет кызмат кылууну өзүнүн милдети деп эсептеши керек.

Урматтуу шайлоочу!

Сиз алдыдагы шайлоодо чынчыл, тайманбаган, эл таламын талашкан депутат деп ишеним артсаңыз, сиздин тандооңузга чыккынчылык кылбай, буга чейинки багытта иш жүргүзүүгө убада берем! Тактап айтканда, чындыкты сүйлөп, башка аткаминерлерден да ошону талап кылып, биринчи кезекте элимдин жашоо-турмушун жакшырткан мыйзамдарды демилгелейм.

27-февралда ар бир адамдын добушу чоң мааниге ээ. 5 жылда бир келген мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай - туура тандоо жасаңыз! Биздин бүгүнкү тандообуз - эртеңки келечегибиздин пайдубалы.

Жаркын келечекти бирге курабыз!”

КРнын Жогорку Кеңешине талапкер Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековнанын буюртмасы боюнча «super.kg порталы» тарабынан 2022-жылдын 7-февралында чыгарылды, дареги: Бишкек шаары, Турусбеков 109/1 Талапкердин шайлоо фондунан каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Кулжанова Д.К. тарабынан төлөндү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан